ЖАПАРОВ Шералы
ЖАПАРОВ Шералы (23. 9. 1936-ж. т., Баткен обл., Лейлек р-ну, Шор-Булак айылы) – тилчи, филология илимд. доктору (1990), проф. (1991). Кыргыз тилинин диалектологиясы, лексикологиясы, лексикографиясы, ономастикасы ж-а биобиблиографиясы б-ча адис. КМУнун филология ф-тин бүтүргөн (1965), Сүлүктү ш-нын, Лейлек р-нунун мектептеринде мугалим (1966), КМУда окутуучу, доцент (1970–77), Кыргыз Совет энциклопедиясынын Башкы редакциясында улук редактор, редакция башчысы (1977–79), КР УИАда ил. кызматкер (1979–89), И. Арабаев атн. КМПУда кафедра башчысы, проф. (1989–2002), Нарын мамл. ун-тинде кафедра башчысы (2002– 05) болуп иштеген. Ж. кыргыз тилинин түш.- батышдиалектисиб-чажыйнаганматериалдарынын негизинде бир нече окуу куралын жазган. Антропонимдерди изилдөөнүн натыйжасында «Кыргыз адам аттарынын сөздүгү» (1979), «Кыргыз тилинин диалектологиясы» (1976, 1982, 2001), «Кыргыз адам аттары» (1989), «Кыргыз тилинин омонимдер сөздүгү» (1986), «Сенин ысмың ким?» (1990), «Кыргыз тилинин фонетикасы» (2001) сыяктуу эмгектерин жараткан. Кыргыз тилинин синонимдер, омонимдер, антонимдер ж-а фразеологизмдер сөздүктөрүн түзүүгө катышкан. Библиограф катары кыргыз лингвист-
теринин чыг-лыгын изилдеп, «Кыргыз тилчилери» аттуу эмгегин жазган (2004). Эмгектери ГДРде, Кытайда, Түркияда ж. б. өлкөлөрдө жарык көргөн.
Эмг.: Азыркы кыргыз тилиндеги синонимдер. Ф., 1971; Кыргызская ономастика. Ф., 1990; Кыргызская антропонимика. Ф., 1992; Адам аттары – эл байлыгы. Б., 2001. М. Молдалиева.