ЖАПАСАЛДЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:57, 1 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПАСАЛДЫ – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Актам айыл округуна ка­раштуу. Ала-Бука – Кербен автомобиль жолу­нун боюнда, деңиз деңгээлинен 1350 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору Ала-Бука кыштагынан 8 км чыгыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 73 км. Кыштак 1850-жылы негизделген. Калкы 1604 (2007); негизинен мал чарбасында, тамекичилик­те эмгектенет. Эки орто ж-а музыкалык мектеп, клуб, китепкана, медпункт, бала бакча, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП, мончо иштейт. Улуу Ата Мекендик согуш­та курман болгондорго эстелик тургузулган.