ЖАР-КЫШТАК
ЖАР-КЫШТАК – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Ырыс айыл округунун борбору. Деңиз деңгээлинен 720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 5 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 7 км. Калкы 4203 (2007); негизинен пахтачылыкта, тамекичиликте эмгектенет. Кесиптик лицей, мектеп-гимназия, клуб, китепкана, амбулатория, оорукана, мончо ж. б. бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода борборлору иштейт. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатырлары А.Абдукаримов, С.Алимов туулган.