ЖАРЫК ДИОДУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:51, 2 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫК ДИОДУ – жарык чыгаруучу жарым өткөргүчтөн турган диод. р ж-а n тибиндеги жарым өткөргүчтөрдөн түзүлгөн система жарым өткөргүчтүү диод деп аталат. Ушул система ар­кылуу ток өткөндө, алар тийишкен жерде пай­да болгон р–n өтүүсүнөн жарык чыгат. Ар кан­дай электр-техникада колдонулуучу жарым өт­көргүчтүү диоддон ток өткөндө, жарык нуру чыкпайт. Жарык диодун алыш үчүн n ж-а р тибиндеги жарым өткөргүчтөргө тиешелүү кошулманын концентрациясын көбөйткөндө өткөрүмдүүлүк пайда болот. Ал туннелдүү диод деп аталат. Туннелдүү диод аркылуу ток өткөндө, белгилүү бир шарт­та жарык нуру чыгат. Жарык диодунун спектр диапа­зонун кеңейтиш үчүн жарым өткөргүчкө кошу­луучу аралашманын түрлөрү ж-а алардын ком­бинациялары колдонулат. Жарык диоду радио, элект­рондук, электр-техникалык алетте (прибордо) индика­тор катары, светофордо, компьютерде, автомат­тык көзөмөлдөөчү ж. б. алетте (прибордо) кол­донулат.