ИЧИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧИК – кездеме тышталып, саңсаң ж-а куну­дан жасалган сырт кийим. И-ке түлкү, карыш­кыр, суусар, сүлөө-

сүн, илбирс, киш, к у нду з, к ашк у - лак, козу ж. б-дын терилери пайдала­нылган. Куну те­рисинен жасалган И. өзгөчө баала­нып, кымбат баа­луу сарпайы ката­ры эс епт ел ген. Дөөлөттүү киши­лер кунудан И. ки­йип, сыртын боб­рик, нооту, лампук, баркыт, буулум м-н тыш­таткан. Жээктери эни 2–3 см болгон көрпө м-н кыюуланган. Көпчүлүк букара И-

ти саңсаңдан жасаткан. И-тин ичи м-н сыртына жараша чоң жака салынган. И. жасалышына карата к и ш И., и л б и р с И., т ү л к ү И., к а р ы ш к ы р И., п а й ч а И., б у ч к а к И., с а ң­с а ң И., к ө р п ө И. деп бөлүнгөн.
И. эркекке да, аялга да узун жеңдүү, этектүү, кенен тигилген. Айрым келин-кыздардын И-тери кымбат баалуу терилер м-н көбөөлөнгөн.