ИЧКИ ПЛАНЕТАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧКИ ПЛАНЕТАЛАР (inferior planets) – Жер тобундагы планеталардын Күнгө жакын турган 4 чоң планетасы: Меркурий, Чолпон, Жер, Марс. Меркурий м-н Чолпондун орбиталары жер ор­битасынан кичине, алар кечинде же эртең м-н ар дайым Күндүн жанынан гана көрүнөт. Булар бир катар физ. касиеттери б-ча бири бирине ок­шош келет. И. п-дын ичинен Чолпон м-н Жер­дин массалары бирдей. Меркурий м-н Марстын массалары Жер массасына жакын. Меркурий м-н Чолпондун табигый жандоочулары жок. Марстын жандоочулары Фобос ж-а Деймос. Меркурийдин бети өтө ысык, ошондуктан анда атм-ра жок.