ИЧКИ СЕКРЕЦИЯ БЕЗДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧКИ СЕКРЕ́ЦИЯ БЕЗДЕРИ , э н д о к р и н с и с т е м а с ы – организм системаларын жөнгө салуучу бездер. Организмде эндокрин ж-а нерв системасы катышпаган бир да процесс жүрбөйт. Алардын иши бузулса, организмде олуттуу өз­гөрүүлөр болот. И. с. б. өздөрү иштеп чыгарган биол. активдүү заттарды – гормондорду (өт­көөлдөрү болбогондуктан) сыртка чыгарбай кан­га ж-а лимфага кошот. И. с. б-нин түзүлүшүн, аткарган ишин, алардын бузулушун эндокри­нология изилдейт. Эндокрин системасына ги­поталамус, гипофиз, эпифиз, калкан сымал без ж-а анын жанындагы уйку бези, бөйрөк үстүндөгү без, энелик без, үч ача без кирет. Бул бездердин көлөмү ж-а формасы түрдүүчө болуп, дененин ар кайсы жеринде жайгашкан. Эндокрин систе­масы бөлүп чыгарган гормондор кан м-н бүт де­неге тарап, органдардын иштерин жөнгө салып турат. Жаныбар м-н адам денесинин ар кандай бөлүктөрүнүн иштешин координациялап жөнгө салууда, органдардын бири-бири м-н айкалы­шып иштешинде гормондордун ролу чоң.