КАБАЛЬЕ Монтсеррат
КАБАЛЬЕ́ (Caballe) Монтсеррат (12. 4. 1933-ж. т., Барселона) – испан ырчысы (сопрано). 1954-ж. Барселона консерваториясын бүткөн. Биринчи жолу 1956-ж. Базель операсында Миминин

партиясын (Ж. Пуччини,
«Богема») ырдап чыккан. Дүйнөнүн көрүнүктүү опералык театр сценаларында, а. и. «Ла Скалада» (Милан, 1960-жылдан), «Метрополитен-операда» (Нью-Йорк, 1965-жылдан), «Ковент-Гарденде» (Лондон, 1972-жылдан) ырдаган. СССРде биринчи жолу 1974-ж. «Ла Скала» труппасы м-н гастролдо болгон. Глайндборн фестивалынын катышуучусу (1965). Репертуарынын негизин 19– 20-к-дын башындагы итал. композиторлордун (В. Беллини, Г. Доницетти, Ж. Россини, Ж. Верди, Ж. Пуччини) опералары түзөт. Опералык карьерасын 1992-ж. аяктап, эстрадалык концерттерде ырчылык ишмердигин улантууда. Көптөгөн аудио-жазууларды чыгарган, а. и. «Барселона» концерттик программасы (Ф. Меркьюри м-н дуети, 1988) да бар.
Ад.: Пуллен Р., Тейлор С. М. Кабалье. Casta diva. M., 2005.