КАБА-САЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБА-САЙ – Базар-Коргон р-нундагы суу, Кара- Үңкүрдүн оң куймасы. Уз. 26 км, алабынын аян­ты 137 км2, алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 1800 м. Бабаш-Ата тоосунун түш.-батыш кап­талынан агып түшөт. Тоолуу капчыгайдан өт­көн жери Шарап деп аталат; ортоңку бөлүгүндө токойлуу өрөөн аркылуу агып, Кара-Үңкүргө куя берген жери куушураак келет. Эки куймасы бар. Жылдык орт. чыгымы 0,95 м3/сек, эң көбү ап­рель–майда, эң азы январь–февралда байка­лат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Каба, Сөгөт, Сасык-Булак, Кыргыз-Каба ж. б. кыш. жайгашкан.