КАБА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБА Атабек уулу (15. 1. 1926, Ысык-Көл обл., Тоң р-ну, Төрт-Күл айылы – 25. 3. 2004, ошол эле жер) – манасчы, КРдин эл арт. (1996). Ма­насчынын эскерүүсүнө караганда атасы элдик ырларды, уламыш,

жомокторду айт­кан, энеси мыкты кошокчу, жамак­чы болгон. К. он жашынан «Ма­нас» айта башта­ган. Аны көпчүлүк м ан ас чы л ар да й эле кереметтүү түш көрүү м-н байла­ныштырат. Манасчы М. Чокморовдун колунда тарбияланып, үйүндө жүргөн. К-нын манасчы катары калыптанышына С. Каралаевдин да таасири чоң болгон. Анын айтуусундагы «Ма­настагы» чоң-чоң окуялардын чиелениши ж-а көркөм образдардын чечилиши С. Каралаев­дин вариантына үндөш. К. оозеки үлгүнү таби­гый түрдө кабылдап, салттуу поэзияны сактай билген, ошону м-н катар китептик үлгүнү да мыкты өздөштүргөн. Андан 1962-ж. «Манас» эпосунун «Чоң казат» эпизодунан «Жылкы тийүү» окуясы (С. Орозбаковдун ж-а М. Чок­моровдун варианттарына жакын) жазылып алынган. КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда К-нын үч дептери (64 512 сап ыр) кол жазма түрүндө сакталып турат.