КАБЫКТООЧУ СТАНОК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБЫКТООЧУ СТАНО́К – жыгачтан жука май­да атайын кесиндилерди алууга арналган жаб­дуу. Ал кесиндилер кабыкталган шпон деп ата­лып, кертилген жыгачтан алынат. Кабыктоо учурунда суппортко бекиген бычак, узунунан айланып жаткан жыгачты кесе баштайт. Кат­мар-катмары б-ча кесилген жыгач үзгүлтүксүз тасма түрүндө болот. Шпондун туруктуулугун ж-а сапатын жогорулатуу үчүн кабыктоо учу­рунда жыгачты кыскыч сызгыч м-н кысып ж-а гидротех. иштеп чыгу удан (мис., буул оо) өткөрөт. К. с-тон алынган тасманын калыңды­гы 0,1–10 ммди, кесүү ылдамдыгы 1ден 6 м/сек, кесүү бурчу 27°тан ашпайт. Эмерек жасоодо, о. эле фанера ж-а ширеңке өндүрүшүндө кеңири колдонулат.