КАГАЗ МАШИНАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАГАЗ МАШИНАСЫ – кагаз массасынын суу кошулган аралашмасынан кагаз ж-а картондун айрым түрлөрүн жасоочу агрегат. Бул машина жалпак ж-а тегерек тордуу (цилиндрлүү) болуп айырмаланат. Ж а л п а к тордуу машинада кагаздын негизги түрү, ал эми т е г е р е к тор­дуу машинада кагаз м-н картондун айрым түрү иштеп чыгарылат. К. м. килкилдек буладан чубама кагаз тилкесин жасоочу, суусун сарык­тыруучу тордон, кагаз тилкесин ныктагычтан, кургаткычтан ж-а жылтыратуучу, тыгыздап жылм ал оочу , тү рм өк тө өчү, жас ал галоочу бөлүктөрдөн турат. Даяр кагаз массасы насос­тун жардамы м-н бассейнге жиберилет, андан машинанын тордуу бөлүгүнө өткөрүлүп, анын


бетине текши жайылтат. Тор кыймылда бол­гондуктан, суу сарыгып, тордун бетинде кагаз тилкеси пайда болот. Ал тилке андан ары нык­тагыч бөлүккө берилип, кагаз тилкесинин кал­ган суусу сыгып чыгарылат ж-а абдан тыгызда­лат. Мындан кийин кагаз кургаткыч бөлүккө, ичине буу жиберилүүчү 2 катар орнотулган ай­ланма цилиндирге оролуп кургатылат. Жасал-


Кагаз жасоочу жалпак тордуу машинанын схемасы: 1 – машина бассейни; 2 – насос; 3 – суу күчү туруктуу бак; 4 – майдалагыч; 5 – аралаштыргыч насос; 6 – задвижка; 7 – тазалоочу аппаратура; 8 – кысым (напор) ящиги; 9 – тордуу бөлүк; 10 – алдыңкы вал (грудной); 11 – гауч-вал; 12 – регистрдик вал; 13 – соруп чыгаруучу ящик; 14 – түздөгүч вал (эгутер); 15 – туура валик; 16 – ныктагыч (пресстүү бөлүк); 17 – жалпайтуучу (вальцовкалоочу) пресстер; 18 – пресстөөчү бөлүктүн жүн сукносу; 19 – кургаткыч бөлүк; 20–21 – кургаткыч цилиндрлер; 22 – каландр; 23 – муздаткыч цилиндр; 24 – орогуч (накат); 25 – узунунан кесүүчү станок.

галоочу бөлүктө жалтыратылып, жылмакайла­нып, даяр кагаз түрмөктөлөт. Кагаздын ар бир сорту үчүн машинанын кагаз тилкесин түзүүчү эни ж-а өзүнчө ылдамдыгына жараша болот. Эни кууш (1,6–4,2 м) К. м-нда өтө жука, ата­йын тех., фото ж-а документ кагаздары, кеңи­ри эндүү (6 мден ашык) машинада газета басы­луучу ж-а баштык жасалуучу кагаз даярдалат.