КАДР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДР – 1) к и н о к а д р – сүрөткө тартуу объектисинин кыймылынын бир фазасын же статикалык абалын белгилөөчү кинотасмадагы сүрөт. К-дагы режиссёрдук ж-а оператордук таба билгичтик тартылуучу көрүнүштүн идеясын ж-а мазмунун ачып берет. Кинокамераны жыл­дырып жүрүп, К. түзүү учурунда тартыла тур­ган көрүнүштүн К-дагы кыймылына байланыш­туу болгон динамикалык композициянын өзгө­чөлүктөрү эске алынат. К-дын форматы, жайла­нышы тартуучу аппараттын айнегинин өлчөмүнө ж-а орнотулушуна жараша аныкталат; 2) ку­раштырма К. – окуянын кандайдыр бир мо­ментин камтыган фильмдин курамдык бөлүгү; 3) сценарийлик К. (фильм коюлуучу же режис-


сёрдук сценарийдеги) – тартыла турган К-дын мазмунун ж-а бүткүл турпатын, анда болуучу аракеттерди, диалогдорду, о. эле үн м-н коштоо­нун көркөмдүк чечилишин баяндап жазуу.