КАЗАКОВ Түгөлбай

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАКОВ Түгөлбай (2. 1. 1951-ж. т., Талас р-ну, Көпүрө-Базар айылы) – обончу, аткаруучу, ком­позитор, акын. Кырг-н Ленин комсомолу сыйл. лауреаты (1981), КРдин эл арт. (2005), Кырг-н жазуучулар союзунун мүчөсү

(2007). Б. Бейшеналиева атн. КМИИни бүткөн (1973). Ысык-Көл р-ндук мад-т үйү­нүн директору, Ысык-Көл элдик театрынын режиссё- ру (1973–76), Каракол мамл. пед. ин-тунда кафедра баш­чысы (1976–79), Кыргыз мамл. телерадиокомитети­нин редактору, башкы ре­дактору (1979–92), 1990-ж. Кырг-н өнөрпоздор союзунун башкармасынын төрагасы, КР телерадиокорпорациясынын төра­гасы (1992–93), КР маданият министринин би­ринчи орун басары (1993–96), «Алас» гезитинин башкы редактору (2005–07), УТРКда «Ибарат» борборунун продюсери (2007–09), 2009-жылдан ошол эле жерде Атайын долбоорлор башкы редакциясынын Башкы редактору. Чыг-лыгы 1970-жылдары башталган. Чебер аткаруучу ка­тары да таанымал. 70тен ашык обондун авто­ру. «Алтын балалык», «Жамгыр», «Сырдуу көл», «Жолдор», «Элегия», «Коштошуу», «Сүйүү жазы», «Кечки эскерүү», «Күйдүргү», «Шумкар» ж. б. ырларга, о. эле «Түркүн тагдырлар», «Те­рек канча жыл жашайт», «Махабат дастаны», «Кайран эл» толук метраждуу көркөм тасмалар­га, 30га жакын даректүү фильмдерге, спектакл­дерге музыка жазган. К. Орозовдун «Насыйкат», Д. Нурпеисованын «Асем коңыр» аттуу күүлөрүн аткарган. «Биринчи кар» поэтикалык (1989), «Ыр­лар» (1984) аттуу обондуу жыйнактардын авто­ру. Жаш кинематографисттердин респ. кон­курстарынын эки жолку жеңүүчүсү (1984, 1985). Бүткүл союздук телеконкурстун (1971, Пермь ш.), Эл аралык жаш таланттар фестивалынын (1974, Кишинёв ш.) лауреаты. Сомалиде (1977), Шве­цияда (1978), Финляндияда (1988) өткөн СССР мад-т күндөрүнүн катышуучусу. К-дун «Жамгыр» ж. б. ырлары Польша, Португалия, Сирия, Кы­тай, Казакстан ырчыларынын репертуарлары­нан орун алган.