КАЙНАР 1
КАЙНАР , к а й н а р б у л а к – 1) оргуп чыккан булак, башат; 2) Арашан суулары чыккан ысык булак. К. топоним же анын бир курамы катары Кырг-ндын геогр. аттарында кеңири таралган: Базар-Коргон, Өзгөн, Кара-Буура, Жети-Өгүз р-ндорундагы кыштактар, Кичи Үзөңгү-Кууштун оң куймасы, Борколдой кырка тоосундагы мөңгү К. аталган.