КАЙРАГАЧ ТУРГУН ЖАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙРАГАЧ ТУРГУН ЖАЙЫ – б. з. 1–6-к-на таандык археол. эстелик. Лейлек аймагындагы Кайрагач кыш-на жакын Кожо-Бакырган-Сай суусунун сол өйүзүндөгү кууш тектирчеде жай-

А н т р о п ом о р ф т у у скульптура (идол). 5–6-к.

гашкан. Ал төрт чарчы үлгүсүндө, 6 бөлмөдөн турган имарат. Ар кандай мезгилдерде курул­ган турак жайлар, чарбалык ж-а сыйынуучу жайлар бирдиктүү арх-ралык комплексти түзөт. Ар кандай көлөмдөгү бөлмөлөрдүн бардыгы ко­ридорго тегерете курулган. Бөлмөлөрдүн аянты 13–15 м2, айрымдары гана 25 м2. Имараттын астында түштүктөн түндүктү карай төмөндөп, сууга чыккан тепкичтүү өткөөлү, чыгыш бөлү­гүндө көлмөлөрү бар чоң короосу, борб. бөлүгүндө 5 бөлмөдөн турган храм болгон, алардын үчөө биринен бирине өтүүчү эшик аркылуу байланыш­кан. Имарат суу м-н жакшы камсыз кылынып турган. Адамдардын ар кандай бейнелери, бе­тине тамга басылган карапа идиштер ж-а терең кудук табылган. Эстеликти 1958-ж. археолог Ю. А. Заднепровский ачып, 1969-ж. Г. А. Бры­кина изилдеген.