КАЙЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЧЫ – бири-бирине кайчылашкан эки жаа­гы м-н бир нерсе кесүү, кыркуу үчүн колдонулуу­чу аспап. К-нын ички бети миздүү, сап жагын­да бармак м-н сөөмөй кирүүчү кармооч көзөнөгү бар. Жаактары бири-бирине бурама м-н кый­мылдуу бекитилет. К. үй тиричилигинде ар кан­дай нерселерди кесүү, кыркуу ж. б. максатта керектелет. Малдын жүнүн кыркуучу кайчы жуушаң деп аталат.