КАЙЫМ АЙТЫШУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫМ АЙТЫШУУ – кыргыз оозеки поэзия­сында кеңири учураган айтыш ырларынын бир түрү. Аш-тойлордо, эл жыйылган жерлерде төкмө акындар кайым айтышып ырдашкан. К. а. тематикасы жагынан ар түрдүү формада болот. Токтогул сыяктуу нускоочу акындар ыр­дын бул түрүн көбүнчө элдин кызыкчылыгын жактоо үчүн колдонушкан. Мындай ырларда акындын позициясы, көз карашы ачык көрүнөт (мис., Токтогул менен Арзыматтын К. а-су). Аш­керелөөчү, табышмактуу, тамашалуу ж. б. мүнөз­дөгү К. а-лар да болгон. Токтогул м-н Арзымат­тын айтышы кордоо, ашкерелөө максатын көздөсө, Талым кыз м-н Көбөктүн айтышы та­бышмактуу, Токтогул м-н Эшмамбеттин сакал ж-дө айтышы тамашалуу мааниге ээ. К. а. акын­дар поэзиясындагы филос. тереңдиги жагынан


да, көркөмдүк жагынан да өнүккөн ыр түрүнө жатат. Аалам, дүйнө, жаратылыш, ар түркүн табияттык кубулуштар төкмө акындар тарабы­нан метафоралык, каймана түрүндөгү образдар аркылуу чагылдырылат. Мындай К. а-лар Ток­тогул, Калык, Барпы, Жеңижок, Эсенаман, Чоң­ду, Нурмолдо ж. б. залкар акындардын чыг­лыгында кеңири кездешет.