КАЙЫН ЖУРТ
КАЙЫН ЖУРТ – жубайлардын төркүндөрү, элжурту бириники экинчисине К. ж. болот. Экөө тең бири-биринин ата-энесин, жакын туугандарын атаганда кайната, кайнене, кайнага, кайнеже, кайын жезде, кайын сиңди (аялына карата), кайни ж. б. деп «кайын» деген сөздү кошот. Ал эми аялынын сиңдиси (күйөөсүнө карата) балдыз, анын ж-а кайнежесинин күйөөсү бажа деп аталат. Очор-бачар болгондон кийин аял барган жерин кайындарым дебей өз элим деп калат. Ошондон улам, эл ичинде «чыккан кыз чийден тышкары» деген сөз калса керек. Ал К. ж., төркүн-төс, жек-жаат деп да аталат.