КАЙЫПОВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫПОВ Аалыбай (24. 5. 1953-ж. т., Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Жаңы-Күч айылы) – гене­рал-майор (2004). КМДТИни (1975), СССР кооп­суздук к-тинин кесипти жогорулатуу жогорку

курстарын (Ташкент, 1980; Москва, 1983; Киев, 1988) бүткөн. 1975–77-ж. КМДТИ- де окутуучу, 1977–95-ж. Кырг-н улуттук коопсуздук к-тинде кызматта, 1995– 96-ж. КРдин ички иштер министринин 1-орун басары, 1996–98-ж. Ош обл. ички иштер башкармалыгынын начальниги, 1998–2000-ж. ИИМдин Кылмыш издөө башкармалыгынын начальниги, 2000-жылдан КР Чек ара кызматынын төрагасынын орун ба­сары, төрагасы болуп иштеген. Медалдар м-н сыйланган.