КАКМАЧЫ
КАКМАЧЫ – мергенчиликте, аңчылыкта жапайы жандыктарды үркүтүп айдоочу киши. Ал корунуп жатып алган кайберенди же илбээсинди кыйкырык, ызы-чуу, кээде итти (тайганды) айдактоо м-н тосотто акмалап жаткан мерген-
чилерге карай сүрүп берет. Шарт б-ча К. мергенчиликтин олжосунан өз үлүшүн алган. Аны жандооч, айдооч (айдакчы) деп дагы аташат.