КАКТУСТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАКТУСТАР (Cactaceae) – эки үлүштүү өсүмдүк­төрдүн тукуму. Көп жылдык чөп, бадал, кээде дарак, бийикт. 2–5 смден 10–12 мге жетет. Са­багы калың, ширелүү, түрдүү формада (тоголок, жалпак, цилиндр ж. б.), тикенектүү, ал жал­бырак милдетин аткарат. Гүлү жалгыздан, кээ­де чокусунда топ гүлгө чогулган, көбүнчө чоң, ачык түстө. Гүл коргону – чөйчөкчө. Аталыгы көп, мөмөсү – жемиш сымал. Көпчүлүк К. ке­чинде же түнкүсүн гүлдөйт. Курт-кумурскалар, куштар, чанда жарганаттар чаңдаштырат. К-дын тамыры ондогон мге жетип, жердин тереңинен ным алат. 160тай уруусу, 3000дей түрү Амери-

Кактустар: 1 – карнегия; 2 – церсус; 3 – опунция; 4 – эхинокактус.

канын саванна, тропик ж-а субтропигинде, көбүнчө тоо, чөлдөрүндө, Мексикада, эпифит К. Борб. ж-а Түш. Американын жаанчыл тропик токойлорунда таралган, рипсалис деген түрү тро­пик Африкада кезигет. Кээ бир түрү Австралия, Индия, Жер ортолук деңиз жээгинде, Крым, Кав­казда өстүрүлөт. Айрым К-дын мөмөсү, жаш бу­тагы, уругу тамак-аш ж-а дары-дармек даярдоо үчүн пайдаланылат. Кырг-нда айрым түрү кооз­дук үчүн өстүрүлөт.