КАЛАМБУР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛАМБУ́Р (фр. calembour – сөз оюну) – азил­тамаша сөздөр ж-а окшош үндөштүктөн чыккан сөз оюну; маанилери жагынан ар башка, бирок айт ылышы ж-а жазыл ышы б -ча би рдей сөздөрдүн, сөз айкаштарынын тыбыштык ок­шоштугуна, үндөштүгүнө негизделип курулуучу стилдик ыкма. Орус ад-тында К-лук уйкаштар А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Д. Минаев, В. Маяковский ж. б. акын-жазуучулардын чы­гармаларында кездешет. К. өнөрү түрк элдеринин (мис., өзбек, уйгур, түркмөн, азербайжан) оозеки, о. эле классикалык жазма поэзиясында кеңири тараган. Кыргыз поэзиясында көбүнчө балдар фольклорунда кездешет, мис., «Төлдүн башы куба кой, жаныбарым тура кой» (А. Осмонов, «Кой төлдөтүү»). К. көркөм текстте куудулдануу, туу­роо ж. б. максаттарда да пайдаланылат.