КАЛБЫР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛБЫР – дан, талкаланган кен, катуу отун, ири кум, шагыл ж. б. чубурма заттарды ар кан­дай өлчөмдөгү торчодон өткөрүп сорттоочу жаб­дуу. Күндөлүк турмушта эгин тазалоо, кум ж. б. элөө үчүн пайдаланылат. Ал болот зымдан тор­долу п же к алың тунукеден көзөлүп жасалат. Диаметри 50–60 см, бийикт. 10–15 см алкакка бекитилет.

Сапы­рылган эгин кал­бырланганда чир­че, кычы, алабата, меңдубана сыяктуу отоо чөптүн данынан, чар, таш-кумдан, кум элеген­де таш ж. б-дан арылат. Азыр К. комбайнда орнотулган. Ө. ж-да кыймылсыз түзүлүштөн ж-а кыймылдуу машинадан турган К. колдону­лат. Кыймылсыз К. [колосниктүү, догоолуу (жаа), конустуу] калбырлоочу беттен, аны ор­нотуп бекитүүчү жумушчу органдан ж-а кый­мылга келтирүүчү механизмден турат. Колосник­тик К. көзөнөкчөлөрү 50 мм болуп, кесек мате­риалдарды; доголук К. болсо майда дандуу ма­териалдарды (көмүр, кум ж. б.); ал эми конус­туу К. кесек материалдарды сорттоодо, суусун сарыктырууда колдонулат. К. айланып (бара­бандуу), термелип, дирилдеп ж-а жарым жар­тылай дирилдеп кыймылдайт. Барабандуу бир октун айланасында айланып калбырлайт. Тер­мелүүчү К. атайын себетке бекитилген ж-а кыймылдоочу механизмге кошулган. Дирилдек К-дын себети атайын дирилдегичтин жардамы м-н кыймылга келет.