ЖАСАЛМА ТАНДОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАСАЛМА ТАНДОО – чарбачылыкта баалуу жаныбар тукумун ж-а өсүмдүк сортторун тан­дап өстүрүү ыкмасы. «Ж. т.» терминин илимге 1859-ж. Ч. Дарвин киргизген. Ал Ж. т-ну эгил­ме өсүмдүк м-н малдын акырындык м-н өөр­чүшүндө негизги себеп деп көрсөткөн. Эгилме өсүмдүк м-н малдын сорттук же породалык тү­рүнүн ар бир тобу алар жапайы тегинин түр­лөрүнөн келип чыкканын аныктаган. Мис., бар­дык үй көгүчкөнү жапайы аска көгүчкөндөрүнөн, бакма тооктордун бардыгы жапайы тооктон (банкив тоогунан), огород капустасы жапайы капустадан келип чыккан. Ж. т. сезимсиз ж-а методикалык болуп бөлүнөт. С е з и м с и з Ж. т-до байыркы малчы ж-а дыйкандар өсүмдүк м-н жаныбарлардын эң оболу сапаттууларын сактап, кийин алардан жакшы тукум алыш­кан. Бул сезимсиз тандоо организмдердин ге­нефонундагы мутациялык өзгөрүштү автомат­тык түрдө сактап калып, натыйжада жаңы сорт ж-а порода пайда болгон. Сезимсиз Ж. т. мех. таасири ж-а жыйынтыгы б-ча табигый танда­лууга жакын. М е т о д и к а л ы к Ж. т. –


алдын ала коюлган максаттарга ылайык мето­дикалык жол м-н пландуу түрдө жүргүзүлүп, а. ч. өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун ж-а үй жа­ныбарларынын жаңы породаларын чыгаруунун негизги жолу. А. ч-да методикалык тандоо жа­пырт ж-а жекече тандоо жолу м-н жүргүзүлөт.