ЖАШТЫК
ЖАШТЫК , Ц е н т р а л ь н ы й – Баткен облнун Лейлек р-нундагы кыштак. Жаңы-Жер айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 550 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Исфана ш-нан 77 км түн.-чыгыш тарапта. Ленинабад ш-ндагы Гафуров (Тажикстан) т. ж. бекетинен 15 км. Кыштак 1983-ж. негизделген. Калкы 4694 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Гимназия, китепкана, клуб бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, мончо, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.