ЖАҢГАКТЫ
ЖАҢГАКТЫ – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Ийри-Суу айыл округуна караштуу. Жаңгакты суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 1360 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 27 км түндүк тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 69 км. Калкы 1395 (2009); негизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, клуб бар.