ЖАҢЫ-АБАТ (Базар- Коргон районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:10, 8 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-АБАТ – Жалал-Абад облусунун Базар- Коргон районундагы кыштак. Сейдикум айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 560 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыш­тагынан 16 км түштүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бе­кетинен 49 км. Кыштак 1937-жылы негизделген. Калкы 1578 (2007); негизинен дыйканчылыкта, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, амбулатория бар. Тегирмен, ак жуаз, май жуаз ж. б. иштейт.