ЖАҢЫ-АРЫК (Ноокен районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:55, 8 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-АРЫК – Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Шайдан айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңгээлинен 850 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Масы кыштагынан 7 км түштүк-батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол беке­тинен 55 км. Кыштак 1928-жылы негизделген. Кал­кы 1722 (2007); негизинен дыйканчылыкта эм­гектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.