ЖАҢЫ-КЫШТАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:57, 9 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-КЫШТАК – Ош облусунун Кара-Суу районун­дагы кыштак. Кызыл-Кыштак айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 920 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 25 км түштүк-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 8 км. Калкы 6002 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, тур­муш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП бар.