ЖАҢЫ-КҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:01, 9 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-КҮЧ – Нарын облусунун Ат-Башы районун­дагы кыштак. Казыбек атындагы айыл округуна ка­раштуу. Кара-Коюн суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2180 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ат-Башы кыштагынан 24 км түштүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 250 км. Кал­кы 1002 (2008); негизинен мал чарбасы м-н алек­тенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.