ЖЕДИГЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕДИГЕР – кыргыздардын оң канат уруулук бирикмесиндеги тагай тукумуна караштуу уруу. Кыргыз санжыраларында Ж. Тагай бийдин Кой­лон деген баласынан тарап, 17-к-дын жазмасы «Мажму ат-таварихте» да кыргыз уруусунун бири экени белгиленет. Ж-дин этногенези ж-дө атайы изилдөөлөр кеңири деңгээлде жүрө элек. Айрым көз караштарда, б. а. кыргыз тарыхчы­сы А. Мокеевдин эмгектеринде Ж. уруусунун түпкү теги о. кылымдардагы огуз урууларынын бири йадгарлар м-н байланыштырылат. Оку­муштуунун пикиринде этнонимдердин окшош­туктарынан (жедигер = йадгар) сырткары эл­дик фольклордогу «Койлондон кооз Жедигер» деген сөздөгү «кооз» деген түшүнүк о. кылымда «гуз» (огуз) терминен жаралып, кийин өз маа­нисин жоготуп (көөнө сөзгө айланып), кыргыз тилине ыңгайланып «кооз» болуп калгандыгы божомолдонгон. Ж. уруусунун байыркы уруу­лардан экени «Манас» эпосунда да «Жети-Суу­ну жердеген жедигерлер» деп белгиленет. Ки­йинки учурларда Ж. уруусунун ички курамы­нын аталыштары унутула баштап, ар кайсы ай­мактарда ар түрдүү айтылып калган. Ошондук­тан, аларды талдоодо кыйынчылыктар кезигет. Ж. уруусунун урук бутактары негизинен асан тукуму, үсөн тукуму, маңгытай, орус, долу, то­кобай ж. б. болуп таралып, алардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад обл-нун Ноокен, Базар-Кор­гон, Сузак р-ндорунда, Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата ш-нда ж-а айрым майда бөлүктөрү Нарын, Чүй обл-нун айыл-кыштактарында жашашат. Кант р-нуна караштуу бир айыл 1950- жылдарга чейин Жедигер аталган. Р. Жолдошов.