ИРОНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРО́НИЯ (гр. eironeia – анткорлонуу, тымызын какшыктоо) – белгилүү бир турмуш көрүнүшүн, адамдын кулк-мүнөзүн тымызын, жашыруун шылдыңдоо, келекелөө. Анын өзгөчөлүгү – жум­шактыгы, акырын чымчуу максатын көздөгөн­дүгү ж-а каймана, жашыруун боло турганды­гы. Ошондуктан айрымдар И-ны түшүнбөй да калат, анткени анда «керегем сага айтам – ке­линим сен ук» мааниси берилет. И. кеңири маа­нилүү турмуш көрүнүштөрү ж-дө да, жекече адам мүнөзү ж-дө да болот. К. Баялинов каарманы­на «Чоңмурун» деп, и-лык ат берсе, Ч. Айтма­тов «Кылым карытар бир күн» романында лей­тенант Таңсыкбаевди Айзаданын ичкич күйөөсү: «Сенден көрө базардагы милийса адам»,– деген бир ооз сөзү м-н шылдыңдап өтөт.