ИСКУССТВО
ИСКУ́ССТВО , к ө р к ө м ч ы г а р м а ч ыл ы к – дүйнө таанымдын көркөм образдар аркылуу элестүү чагылдырылуучу бир формасы;
адамзаттын рухий мад-ты м-н чыг-лык кызматынын маанилүү элементи. И-го сүрөт өнөрү, музыка, театр, көркөм ад-т, кино, арх-ра, скульптура кирет. И. коомдук-тарбиялык мааниге ээ болуп, адамдын акыл-эсине, ой-сезимине, кыялына таасир этет, коомдук турмушта ж-а социалдык күрөштө айрыкча чоң роль ойнойт. И. адамзат коому м-н кошо өнүгүп, анын материалдык өсүшүн чагылдырат, коомдук аң-сезимди калыпка салууга көмөктөшөт, идеол. куралга айланат. И-до турмуш көркөм формада чагылгандыктан, ал эстетиканын негизги объектиси болот. Фактыга гана таянууга милдеттүү болгон илимден ж-а документтен айырмаланып, И. көркөм чындыкты жаратууда жетишерлик эркин болот. Антикалык доордо И. табиятка карама-каршы коюлган, бирок Аристотель «Поэтикасында» көркөм чыг-лыктын негизинде адамдын жаратылышты тууроого умтулуусу жатат деп ырастаган. О. кылымда сүрөткер көрүнүш, кубулуштарды сырткы көрүнүш эле эмес, баарынан мурда алардын маани-маңызын ачып берүүгө тийиш болгон. Кайра жаралуу доорунда сүрөткерлер ички ж-а тышкы дүйнөнүн, факт м-н ойдон чыгаруунун ортосундагы шайкештикке жетүүгө умтулушкан. 18–19-к-дын чегинде айланасындагы эмпирикалык чындыкка көз каранды болбой, өзүнүн чындыгын жаратуучу эркин чыгармачыл сүрөткер концепциясы түзүлгөн. Бул концепцияны толук өздөштүрүшкөн романтизм өкүлдөрү эмпирикалык күнүмдүк
чындыктан сырткары жогорку реалдуулукка жетүү мүмкүнчүлүгүн ачып жатабыз деп эсептешкен. Алардан кийинки 19–20-к-дагы реализм м-н натурализмди туу туткандар, тескерисинче, реалдуулукту фактыларга жетүү аркылуу, сезилген, көрүнгөн кубулуштар, окуялар аркылуу берүүгө умтулушкан. Адамдын көркөм чыглык кызматы И-нун ар кандай түрүндө же жанрында жүзөгө ашат. Аларды үч топко бөлүп кароого болот: 1) м е й к и н д и к к е жайгаштырыл уу чу же пласт ик ал ык И . (жи вопи сь, скульптура, графика, көркөм фотография, архра, жасалга-колдонмо өнөрү ж-а дизайн) өзүнүн образдарын мейкиндикке жайгаштырат;
у б а к ы т (сөз же музыка) аралыгында уюштурулуучу И-до образдар реалдуу мейкиндикке эмес, убакыт өлчөмүнө көз каранды;
у б а к ы т ж-а м е й к и н д и к айкалышып кеткен И-до (бий, театр, кино, эстрада, цирк ж. б. ) бир эле мезгилде убакытты, материяны, кыймылды өзүнө камтыйт. И-нун түрлөрү бирибиринен формасы, мазмуну, көркөм аңдап билүү объекти, коомдук ж-а эстетикалык функциясы, турмушту чагылдыруу ж-а таасир этүү мүмкүндүгү б-ча кандайдыр бир деңгээлде айырмаланат. Алсак, а д а б и я т т ы н аңдап билүү, коомдук-тарбиялык мүмкүндүгү ченемсиз бай, анткени анын өзүнө тиешелүү көркөм
чагылдыруу каражаты (ийкемдүү тил) ойдун каалаган жагын ачып берүүгө кудурети жетет. К ө р к ө м с ү р ө т И-сунда (живопись, скульптура, графика) образдар көз м-н кабылдоого негизделген. М у з ы к а добушту пайдалангандыктан, анын образдары белгилүү убакыт ичинде өнүгөт да, артыкчылыгы – адамдын ой толгоосун муз. добуштар м-н баяндап, зор эмоциялык күч м-н таасир эткендигинде. И-нун бул түрлөрүнүн каражаттарын синтездештирген т е а т р, к и н о ө н ө р ү н актёрлордун жардамы м-н бир эле учурда көп эл кабыл алат. Жогоркулардан башка адамдын сезими м-н табитин тарбиялоочу арх-ра, жасалга-колдонмо, сүрөт өнөрү м-н арх-ранын синтезинен жаралган монументтик И., адамзаттын тарыхы м-н эриш-аркак өнүгүп, маданий бөтөнчөлүктү аныктоочу э л ч ы г а р м а ч ы л ы г ы сыяктуу түрлөрү бар. И-нун кинодон башка түрлөрү алгачкы доордо эле пайда болуп, түрлөргө ж-а жанрларга тарамдалып, И. тармагы б-ча адистер иштей баштаган.
Ад.: Буров А. И. Эстетическая сущность искусства. М., 1956; Поспелов Г. Н. О природе искусства. М., 1970; Гнедич П. П. Всемирная история искусств. М., 1999; Выготский Л. С. Психология искусства. М., 2001; Габричевский А. Г. Морфология искусства. М., 2002.
Э. Турдубекова.