ИСКУССТВО ТААНУУ
ИСКУ́ССТВО ТААНУУ – кең мааниде – коомдун бүткүл көркөм мад-тынын, о. эле иск-вонун жалпы закон ченемдерин, объективдүү өнүгүү логикасын, коом м-н карым-катышын, адамга тийгизген таасирин, көркөм чыгарманын мазмуну ж-а формасы сыяктуу маселелерди изилдөөчү илимдер комплекси. Ушул мааниде И. т-га ад-т таануу, музыка таануу ж. б. кирет. Ал эми тар маанисинде – пластикалык ж-а
мейкиндик иск-восу (арх-ра, живопись, графика, жасалга ж-а колдонмо) ж-дөгү илим. И. т. сүрөт иск-восу, арх-ра, жасалга ж-а колдонмо
өнөрү ж-а дизайндын көп аспекттерин изилдейт. И. т. үч бөлүмдөн турат: иск-во тарыхы, теориясы, көркөм сын. Иск-во тео-риясы социалдыкфилос. көз караштарды ж-а жалпы түшүнүктөрдү пластика өнөрүнүн ж-а анын айрым түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрүнө жараша колдонуп, исквонун идеялык мазмуну, көркөм методу, формалары, сүрөттөө каражаттары, технологиясы сыяктуу маселелерин изилдейт. Көркөм сын –
өз заманындагы турмуш көрүнүштөрүн, багыттарын, түрлөрүн, сүрөткердин чыг-лыгын ж-а айрым чыгармаларды талдап баа берет; иск-во көрүнүштөрүн турмуш м-н мезгилдин коомдук идеялары м-н өлчөп, ага ылайыктыгын аныктайт. И. т. өз корутундулары м-н жыйынтыктары обьективдүү ж-а так болушуна умтулуп, коомдук ж-а бир катар так илимдердин методун пайдаланат; тигил же бул доордун көз карашын ж-а табитин чагылтат. И. т. 16–19-к-да
өзүнчө илим болуп бөлүнгөн. Туңгуч теор. эмгектер Байыркы Грекияда жазылган, аларда исквонун көптөгөн маанилүү теориялары м-н тарыхына аныктама берилген. И. т-нун илим катары калыптанышына Кайра жаралуу доору маанилүү роль ойногон. Кырг-нда улуттук исквонун гүлдөп-өсүшү м-н байыркы эстеликтерди сактоого, музей курулуштарына, көркөм мураска, эл чыг-лыгын изилдөөгө, элдик өнөрдү өнүктүрүүгө көп көңүл бөлүнүүдө.
Ад.: Базен Ж. История искусства: от Вазари до наших дней. М., 1995. Гращенков В. Н. История и историки искусства. М., 2005.