ИСПИД-БУЛАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСПИД-БУЛАН , С а ф е д- Б у л а н – о. кы­лымга таандык шаар калдыгы. Фергана өрөө­нүнүн түн.-чыгыш бөлүгүндө Ала-Бука р-нунда­гы Сафед-Булан (Гүлстан) кыш-нын жанында жайгашкан. Арабдар Фергананы басып алып, калкын мусулмандаштыруу ж-дөгү Жамал Кар­шинин (13-к.) ж-а жерг. көрүстөндөрдөн табыл­ган таш (кайрак) бетиндеги 12–15-к-га таандык жазууларда «Испид-Булан» деген аталыш м-н эскерилип, 16-к-дан Сафед-Булан аталат. Сафед- Булан тарыхый булактарда, эл оозунда ж-а сан­жыралардагы маалыматтар б-ча арабдар кел­ген кезде, алар м-н согушкан жерг. бийлик ээле­рине каршы арабдарга жардам берип жүргөн касандык кыз катары эскерилет да, анын бейи­тине күмбөз курулгандан кийин ошол жер, ки­йинчерээк анын жанындагы кыштак да Сафед- Булан аталып калган. Болжол м-н 10–12-к-да Сафед-Буландын күмбөзүнүн жанына ушул чөлкөмдө курман болгон араб кол башчылары­нын бири Шах Фазилдин күмбөзү тургузулган. Бул эстелик Гүлстан кыш-нын чыгыш жагын­дагы дөңсөөдө жайгашкан. Сафед-Буландын бе­йити ушул мавзолейдин короосунун түн.-батыш тарабынан орун алган. Испид-Булан – Аксы чөлкөмүндөгү ири мазарлардын бири. Кезегин­де бул мазарда олуттуу саясий окуялар болуп өткөн. 1842-ж. ушул жерде Кокон ханы Ше­ралы миң башы Нүзүп Эсенбай уулунун жарда­мы м-н ак кийизге салынып хан көтөрүлсө, 1873-ж. жаз айларында Кокон хандыгынын акыркы ханы Искак Асан уулу Полот хан де­ген ат м-н хан көтөрүлгөн.