ИЧКЕ-ЖЫЛГА КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧКЕ-ЖЫЛГА КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 1-миң жылдыктан б. з. 14-к-на чейин жашаган көчмөн уруулардын мүрзөлөрү. Дөбө-Коргондун бийикт. 0,3–3 м. Кочкор өрөөнүндөгү Шамшы айылы­нын түш.-батыш тарабында жайгашкан. Дөбө ж-а таш мүрзөлөрдөн турат. 1954-ж. А. К. Ки­биров казып изилдеген. Казуу учурунда 11–14- к-га тиешелүү карапа идиштер, ээр, темир үзөңгү, жаанын жебелери, саадак, о. эле чий, чүпүрөк калдыктары, канжар, колодон жасалган кемер курдун тоголору табылган. Күйгүзүлүп көмүлгөн буюмдардын өзүнчө чуңкурчада жайгашканы енисей кыргыздарынын сөөктү көмүү салтына окшошуп кетет.