КАБАЛЕВСКИЙ Дмитрий Борисович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБАЛЕ́ВСКИЙ Дмитрий Борисович [17(30). 12. 1904, Петербург – 14. 2. 1987, Москва] – орус композитору, СССР эл арт. (1963), СССР ПИА-нын анык мүчөсү (1971), Соц. Эмг. Баатыры (1974). Москва консерваториясынын компози­ция

классын бүтүргөн (1929), 1932–80-ж. ошол жерде са­бак берген (1939-жылдан проф.). К. – оркестр м-н скрипка үчүн (1948, СССР мамл. сыйл., 1949), ¹ 1 вио­лончель үчүн (1949), ¹ 3 фортепьяно үчүн (1952) кон­церттердин, кантаталар­дын, «Тарастын үй-бүлөсү» (1950, СССР мамл. сыйл.), «Кола Брюньон» (1937, 2-ред. 1968; Лениндик сыйл., 1972) ж. б. опералардын, 4 симфония­нын, балдар ырларынын автору. К-дин оркестр м-н хор үчүн жазылган «Реквиеми» (сөзү Р. Рож­дественскийдики, 1964) анын ири вокалдык­симф. чыгармасы болуп саналат. Бир нече фильм, драмалык чыгармаларга музыка жаз­ган. 4 Ленин ордени, башка ордендер ж-а ме­далдар м-н сыйланган. К. чыгармалары Кыр­гыз мамл. симф. оркестри тарабынан концерт­терде аткарылат.