КАЖЫ-САЙ КЕРБЕН САРАЙЫ
КАЖЫСАЙ КЕРБЕН САРАЙЫ – 9–12-к-га таандык археол. эстелик. Ысык-Көлдүн түш. тарабындагы Кажы-Сай суусунун оң жээгинде жайгашкан. Жалпы түзүлүшү чарчы, аянты 60Ч60 м. Сакталып калган дубалынын бийикт. 3 м, бурчтарында ж-а борборунда мунаралары болгон. К. к. с-нын чыгыш тарабынан 40–60 м өлчөмүндөгү тик бурчтуу курулуш улай салынган. Ал жапыз дубал м-н курчалып, мал камоо үчүн пайдаланылган. Дубалы чийки кыштан курулган. Кербен сарайдын 100дөн ашуун бөлмөсү болуп, казуу убагында чопо идиштер, жаргылчактар, бүлөөлөр, тамак-аш калдыктары табылган. Эстеликти 1977–79-ж. археолог Д. Ф. Винник изилдеген.