КАЗАКОВ Вячеслав Фёдорович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАКО́В Вячеслав Фё- дорович (23. 2. 1913, Киев – 19. 10. 1979, Фрунзе) – дра­ма артисти. Кыргыз ССР эл арт. (1950). 1

931–35-ж. ГИТИСтин драма ф-тинде окуган. 1935-жылдан Мос­ква театрларында иштеген. 1956-ж. Фрунзеге келип, Н. К. Крупская атн. Орус драма театрын (азыркы Ч. Айтматов атн. Мамл. улуттук орус драма теат­ры) уюштурууга активдүү катышкан. 1946-ж. Улуу Ата Мекендик согуштан кайтып келген­ден ушул театрда үзүрлүү эмгектенген. В. И. Ле­ниндин («Унутулгус 19-», 1952; «Үй-бүлө», 1950; «Кремль куранттары», 1957; «Мылтыкчан ки­ши», 1970), А. С. Пушкиндин («Пушкин», 1949),

«Кремль куранттары» спектаклинен көрүнүш. В. И. Лениндин ролунда – В. Казаков.

Фёдор Иоановичтин («Падыша Фёдор Иоано­вич», 1946), Саринжинин (К. Эшмамбетов, «Са­ринжи», 1939), Ромеонун, Гамлеттин (В. Шекс­пир, «Ромео менен Жульетта», «Гамлет», 1948, 1957) ж. б. образын түзгөн. Кыргыз ССР Жогор­ку Советинин (7–8-шайланышынын) депутаты. Ленин, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медал­дар м-н сыйланган.