ГЕРБАРИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРБА́РИЙ (лат. herbarium, herba – чөп, өсүмдүк) – өсүмдүктөрдүн атайын жыйналып, кургатылган коллекциясы, о. эле ал сакталуучу мекеме. Ал ил. иштерде ж-а ЖОЖдордо, мектептерде көрсөтмө курал катары, о. эле ботаника, геоботаника, экология б-ча ил.-из-дө кеӊири пайдаланылат. Г. үчүн чөп өсүмдүктөр тамыры м-н казылып, ал эми бадал, дарактардын гүлү же мөмөлөрү, бутагы жалбырагы м-н кесилип алынат да, нымды жакшы соруучу эки барак кагаздын ортосуна жайып салынып, атайын кол папканын ичинде сакталат. Г-ге өсүмдүк аты, өскөн жеринин шарты, качан ж-а ким жыйнаганы жазылат. Г-деги өсүмдүк тукуму, түрү аныкталып, катуу кагазга ар кайсы жеринен көктөлүп, сыртынан жука кагаз м-н капталат. КР УИАнын флора лабор-сында 150 миӊ барактан турган Г. бар. Дүйнөдө 1800дөй Г-де 250°000ден ашуун өсүмдүк түрү сакталат.