БОСТОН (бий)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:43, 30 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БОСТОН 4 to БОСТОН (бий)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОСТО́Н (boston, АКШнын Бостон шаарынын атынан) – алгач Бостон шаарында 19-кылымда пайда болгон лирикалык мүнөздөгү бий. Жай вальстын бир түрү. 1920-жылдарда Европада кеӊири тараган. Кадимки вальстан айырмаланып, бийди коштогон музыкалык кайрыктын үчүнчү, кээде экинчи үлүшүнө тыным туш келет.