БЫЧМАЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:15, 5 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫЧМАЧЫ – кийимдин бардык түрүн, үй-буюмдарын, боз үй жабдууларын жана ат жабдыктарын бычуучу уз. Мурда ар бир айылда бир нече Бычмачы болгон. Алар турмуш-тиричиликке керектүү кийим-кечек, буюм жана башкаларды кездеме, таар, кийиз жана териден бычып берип, кол акысын алышкан. Кийин Бычмачылык өнөр жайлык мүнөзгө өттү.