ГЕСЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕСЬ Михаил Данилович (17. 11. 1938, Украина, Волынь обл., Горохов р-ну, Диковина кыш. – 2016) – геол.-минералогия илимд. доктору (2006). И. Франко атн. Львовь мамл. ун-тин бүтүргөн (1960). 1960–76-ж. Түш. Кырг-н геол. экспедициясында коллектор, геол. партиянын улук геологу, начальниги, 1976–88-ж. Кыргыз ССР ИАнын Геол. ин-тундагы тектоника ж-а стратиграфия (кийин геодинамика) лабор-сынын кызматкери, 1988-жылдан башчысы. Г. – 70 ил. эмг., а. и. 1 монографиянын, тектон., геол., геодинамика ж-а металлогения б-ча 6 картанын автору. Ил. эмгектери негизинен Теӊир-Тоонун геодинамикасын изилдөөгө арналган.
Эмг.: Стратифицированные и интрузивные образования Киргизии (авторлош), Ф., 1982; Геодинамическая карта СССР (авторлош). Л., 1989.