ЖОШИБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:58, 11 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОШИБАЕВ Сейткан (9. 6. 1939, Казак ССРи, Жамбыл облусу, Акыр-Төбө станциясы) – меди­цина илимдеринин доктору (1981), профессор (1994), КР УИАнын корреспендент мүчөсү (2000). КРдин эмгек сиңирген.

врачы (1978). КММИни (1962), СССР МИАнын А. Н. Бакулев атн. жүрөк ­кан тамыр хирургиясы ИИИнин аспирантурасын бүтүргөн (1970). Нарын ж-а Талас облустук ооруканаларын­да хирург (1962–67) болуп иштеген. И. К. Ахунбаевдин шакирти. 1976-ж. Республикалык кар­диология борборун уюшту­руп, аны 1984-жылга чейин жетектеген. Алматы шаарындагы Казак клиника­лык жана эксперименттик хирургия ИИИде жүрөк-кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн (1984– 92), КР УКТБнин кардиохирургия бөлүмүнүн (1992–2004-) жетекчиси. 2004-ж. Жүрөк хирур­гиясы ж-а органдарды алмаштыруу ИИИ ую­шулгандан анын директору, 2006-жылдан ошол эле институтта бөлүм башчы болуп эмгектенет. И. К. Ахунбаев атн. жүрөк-кан тамыр система­сы коомунун төрагасы. Жүрөк-кан тамыр хи­рургиясы боюнча адис. 160тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 2 монографиясы, 10 ойлоп табуусу бар.

Ахунбаев атн. сыйлыктын лауреаты. «Даңк» ж. б. ме­далдар м-н сыйланган.

Эмг.: Реконструктивно-пластическая коррекция аномалий Эбштейна // Грудная и сердечно-сосудистая хирургия. ¹ 12, 1990.