ГИБРИД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИБРИ́Д (лат. hibrida, hybrida – аргын, кошмо) – тукум куугучтук касиети ар башка жаныбар ж-а өсүмдүктү (клеткаларды) аргындаштыруудан, кайчылаштыруудан алынган организм (клетка). Г-дешүүнүн негизинде эволюциянын эӊ негизги күчтөрүнүн бири – комбинациялык өзгөргүчтүк жүрөт. Бир түрдүн особдорун аргындаштыруу – түр ичиндеги, ал эми башка түрлөр же тукумдар особдорун аргындаштыруу алыскы түрлөрдү аргындаштыруу деп аталат. Алыскы түрлөрдү аргындаштырууда ар башка геномдордун кошулуусу жүрөт. Мында аргындар (Г-дер) эреже катары тукумсуз болушат. Табигый Г-дешүү эзелтен эле жүрүп келген. Ал жаратылыштын өзүндө өтөт, жасалма гибриддештирүү адам кийлигишүүсү м-н ишке ашат. Мал чарбасында эки башка порода өз ара же түр бири-бири м-н аргындаштырылат. Г-дештирүүнүн натыйжасында мыкты аргын же жаӊы порода чыгарууга болот. Мындай учурда аргын малда кунардуулук, чыйрактык, тез жетилүү сыяктуу сапат жаралат. Өсүмдүк селекциясында ар башка түргө кирүүчү формаларды же сортторду Г-дештирүү – аргын алуунун өтө татаал ж-а кыйын ыкмасы. Анткени түрлөрдүн хромосомалары бири-бири м-н коньюгацияланбайт, б. а. оӊой м-н кыналышпайт. Г-дештирүү схемасын жазууда, ата теги латын алфавитинин Р тамгасы, энелик организм + , аталык организм 􀀃􀀃􀀃􀀃􀀃, аргындаштыруу Х белгиси, биринчи Г. муун F1, экинчи муун F2 латын тамгалары м-н белгиленет.