ЖУМАДЫЛОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:44, 17 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАДЫЛОВА Мария (1927, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Темир айылы – 7. 3. 2010, Жети- Өгүз району, Саруу айылы) – Социалисттик Эмгектин. Баатыры (1957). Эмгек жолун 1945-ж. Ысык- Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Куйбышев атындагы колхоздо иштөө м-н баш­таган. 1947-жылдан апийим

өстүрүүчү звено башчысы болуп иштеген. Анын звено­су 1955-ж. апийим кырып­ жыйноонун тапшырмасын 168%ке, өзү 400%ке аткарган. 1959–63-ж. Кыр­гыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.