ГИБСОН ЧӨЛҮ
ГИ́БСОН ЧӨЛҮ Австралиянын батышында; Чоӊ кумдуу чөл (түндүгүндө) м-н Виктория Чоӊ чөлүнүн (түштүгүндө) аралыгында. Бийикт. 300–500 м келген шагылдуу плато; чыгышында калдык токол тоолор (бийикт. 762 м), батышында шор жерлер бар. Жылдык жаан-чачыны 250 ммдей. Сейрек акация бадалы, спинифекс өсөт. Мал жайыты. Чөл аны алгач ачкан (1873) англ. экспедициянын мүчөсү А. Гибсондун урматына аталган.