ГИМЕНЕЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:06, 22 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИМЕНЕ́Й (гр. Hymanaios) – байыркы грек жана рим мифологияларында нике Кудайы. Гименей өрүлгөн гүл тизмектери менен кооздолуп, колуна жалындап күйүп турган көсөө кармаган жылаӊач улан түрүндө сүрөттөлгөн. Өтмө мааниде Гименей жубайлар данакери дегенди билдирет.