ЖУМАНАЗАРОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:01, 14 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАНАЗАРОВА Асылкан Зулпукаровна (1952-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн районуу, Мырзаке айы­лы) – профессор (2002), химия илимдеринин доктору (2007), КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыйлыгынын лауреаты (2000), СССР ИА ОХИде аспи­рантураны (Москва, 1981) бүтүргөн. 1981-жыл­дан Кыргыз ССР ИА ОХИде кенже илимий кызмат­кер, лаборатория башчысы, КРдин ЖАКтын жетек­төөчү эксперти, бөлүм башчысы (1993–2007), 2007-жылдан КР УИАнын президиумунун бөлүм башчысы ж-а Фитотехнология лабораториясынын же­текчиси. Компьютердик технологиялар аркылуу химиялык заттарды моделдөө ж-а алардын касиетте­рин алдын-ала аныктоо боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгеги, а. и. окуу китептери ж-а моногра­фиялары бар. И. Арабаев атн. ж-а Баласагун атн. сыйл. лауреаты (2002).

Эмг.: Кто есть в Кыргызской науке (авторлош). Б., 1997; Химиялык байланыш ж-а заттардын түзүлүшү (авторлош). Б., 1998; Физикалык химия (авторлош). Б., 2000; Кыргызская наука в лицах. Б., 2002; Кыргызская наука в зеркале диссертационных исследований. Б., 2004; О проблеме связи структуры с биологической активностью никотиноидов. Компью­терный расчёт. Б., 2004;